География:КУТУРГУ КОЛТУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТУРГУ КОЛТУГУ — Ысыккөлдөгү Түп булуңунун түн . жээгиндеги булуңча. Кутургу кыш-нан 0,8 км аралыкта жайгашкан. Голоценде Ысыккөлдүн деңгээли көтөрүлүп, Кутургу суусунун ж-а анын оң куймасынын өрөөндү каптап калуусунан пайда болгон. Туурасы кире беришинде 320 м, эң терең жери 15 м. Түндүктөн түштүккө 650 мге, батыштан чыгышка 800 мге созулат. Таманындагы күкүрттүү суутек жыттанган кара баткакта хара балыры текши өсөт. Чыгыш жээги сайроондуу; суу бетине кальций карбонаты м-н камдашкан конгломерат тектери чыгып жатат. Батыш буйткасынын жээги өтө терең. К.к . шамал ж-а толкундан ыктоо жайгашкандыктан кеме токтоого ыңгайлуу жай. Батыш жээгинин ооз тарабындагы тумшуктан 250 м аралыкта кеме багыттоочу маяк орнотулган.