География:КАРАБАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ Жайыл р-нундагы Карасуу кыш-нан 6 км жогору жайгашкан. 1963-ж . курула баштап, 1964-ж .ишке киргизилген. Суу сактагыч Карабалта суусу м-н толот. Суу агымын сезон б-ча жөнгө салат. Сугатчылыкта пайдаланылат. Уз. 2,45 км, эң жазы жери 1,25 км, эң терең жери 7,92 м, суу толгондогу аянты 0,49 км2, сыйымдуулугу 4,3 млн м3. Жайыл р-нун 1,68 миң га жери сугарылат. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 5 м3/сек. Плотинасынын уз. 199 м, туурасы 3 м, эң бийик жери 11,68 м.