География:АТБАШЫ СУУ САКТАГЫЧЫ
АТБАШЫ СУУ САКТАГЫЧЫ Нарын р-нунда. Нарындын сол куймасы Атбашы суусунун нугунда курулган. Суунун чатынан гидротүйүнгө чейинки уз. 4,6 км. Энергетикада пайдаланылат; суу агымын жума сайын жөнгө салып турат. 1970-жылдан убактылуу, 1974-жылдан биротоло иштей баштаган. Уз. 7 км, эң жазы жери 230 м, эң терең жери 42 м, суу толгондогу аянты 0,457 км2. Суунун запасы 9,6 млн м3. Плотинасынын эң бийик жери 79 м, уз. 55 м. Сууну жерге сиңип кетүүдөн сактоо максатында таманына бүт полиэтилен пленкасы (калыңдыгы 0,6 мм) төшөлгөн.