География:ЭКИДАВАН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЭКИДАВАН МӨҢГҮСҮ — Алай кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Шаймерден суусунун сол курамы Аксуунун алабынан орун алган. Уз. 5,0 км, аянты 4,0 км2. Башы деңиз деңг. 4650 м, этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Мөңгүнүн бети жаракалар м-н тилмеленген. Этегин калыңдыгы 1 мдей морена кыртышы каптап жатат. Мөңгүдөн Экидаван суусу башталып, Аксууга оң тараптан куят.