География:ЧЫГЫШ КӨЛТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫГЫШ КӨЛТӨР МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,1 км, аянты 4,1 км2. Каракол суусунун оң курамы Көлтөрдүн алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3740 м. «Тили» тик түшүп, тоо тектердин сыныктары м-н чала көмүлгөн. Мөңгүнүн оң жак өңүрүн бойлото орток морена жатат. 1943- ж-а 1956жылдардагы аэрофотосъёмканын материалдары б-ча тилинин уз. 200 мге, ал эми азыркы морена жалчасы түзүлгөндөн 1962-ж. чейин 560 мге кыскарган. 1955–57-, 1961ж-а 1962-ж. мөңгүгө фототеодолиттик съёмканы кайталоо ыкмасы м-н анын кыймыл аракетине мезгилдүү байкоо жүргүзүлгөн. Жети жылда мөңгү 60 мге тартылган, калыңдыгы 14,5 мге чейин жукарган, б. а. 0,48 км2 аянты эрип кеткен, ал 5376 миң м3ди түзгөн. Мөңгүдөн Караколдун оң курамы Көлтөр суусу башталат.