География:ЧЫГЫШ БОРДУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧЫГЫШ БОРДУ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түш. капталындагы татаалөрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз суусунун жогорку агымы Ээрташтын алабында жайгашкан. Уз. 5,8 км, аянты 4,5 км2. Башы деңиз деңг. 4860 м, этеги 3750 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4600 м. Мөңгүдөн Ээрташтын сол куймасы Чыгыш Борду суусу башталат.