География:ЧОҢ ТЕРЕКТИ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢ ТЕРЕКТИ МӨҢГҮСҮ — Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. .Уз. 4,4 км, аянты 5,3 км2, Чоң Үзөңгүкууш суусунун сол куймасы Кичи Үзөңгүкууштун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3640 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Ч. Т. м. негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. Басымдуу бөлүгү морена м-н капталып, аны эрип кетүүдөн сактайт. Мөңгүдөн Чоң Терек суусунун (Кичи Үзөңгүкууштун алабы) сол куймасы башталат.