География:ҮМҮТ (НАДЕЖДА) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ҮМҮТ (НАДЕЖДА) МӨҢГҮСҮ Жетим кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,8 км, аянты 3,0 км2. Чоң Нарын суусунун оң куймалары Чоң Т өр ж-а Кичи Корумду сууларынын аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан. Мөңгү тоонун кырынан башталып, адегенде чыгышты, андан түш.-батышты карай дого сымал ийилип жатат. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4330 м. Абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүдөн башталган өзөн Чоң Нарынга оң тараптан куят.