География:ТУЮКТӨР МӨҢГҮСҮ
ТУЮКТӨР МӨҢГҮСҮ Тескей Алатоонун түн. капталында. Тоң суусунун алабындагы эң ири мөңгү. Уз. 2,1 км, аянты 4,2 км2. Кенен төрдөн башталып, «тили» кыска, бирок жазы келет да (узундугу энинин 1/2ин түзөт) «үч эмчек» болуп аяктайт. Бети негизинен тегизирээк келип, анда мореналар кездешет. Этеги мореналар м-н капталган. Мында термокарст чуңкурлары көп кездешет. Башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3950 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгүдөн Туюктөр суусу (Тоңдун оң куймасы) башталат.