География:ТОГУЗБУЛАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОГУЗБУЛАК МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,4 км, алабынын аянты 6,3 км2. Тосор суусунун оң куймасы Тогузбулактын башында жайгашкан. Тосордун алабындагы эң ири мөңгү. Эки камералуу цирктен башталып, тоонун кырын бойлой созулат. Бети негизинен тегиз. Муздун калыңдыгы мөңгүнүн этегинде 80 мге жетет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4390 м, этеги 3540 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3950 м, абляция облусунун аянты 3,3 км2. Андан Тогузбулак суусу башталат.