География:ТЕМИНГЕН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕМИНГЕН МӨҢГҮСҮ — Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7 км, аянты 6,6 км2. Исфара суусунун сол курамы Каравшиндин алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5110 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4180 м, абляция облусунун аянты 2,0 км2. Мөңгүдөн Теминген суусу башталып, Каравшин суусунун оң курамы Киндикке сол тараптан куят.