География:ТАШКҮНГӨЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАШКҮНГӨЙ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,7 км, аянты 3,1 км2, көлөмү 0,1 км3. Кызылсуунун сол куймасы–Ташкүнгөйдүн төрүнөн орун алган. Башы деңиз деңг. 5120 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүдөн Ташкүнгөй суусу башталат.