География:ТАШКОРОО МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАШКОРОО МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,7 км, аянты 3,4 км2. Кызылсуунун сол куймасы Шибе суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 1,3 км2. Мөңгүдөн Ташкороо суусу башталып, Кызылкөлгө (Шибенин сол курамы) сол тараптан куят.