География:СЕМЁНОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СЕМЁНОВ МӨҢГҮСҮ Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталында. Сарыжаз суусунун алабында. Уз. 21 км, туурасы 1,3–1,6 км. Жалпы аянты 74,6 км2. Башы деңиз деңг. 5816 м (Семёнов чокусу), этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м, тескейинде 3900 м, күнгөйүндө 4350 м. Азыркы мезгилде мөңгүнүн бети ж-а этеги эрип, артка чегинүүдө. 20-к-дын башынан 1700 мге чегинип, аянты 2,33 км2ге кичирейген. 1943–60-ж. эң тез чегинүү байкалып, бир жылда 75 мге жеткен. Андан Сарыжаз суусу башталат. Мөңгү белгилүү саякатчы П. П. Семёнов Тянь-Шанскийдин ысымынан аталган.