География:САРЕЧКИ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЕЧКИ МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодогу татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаздын оң куймасы Үчкөлдүн алабында. Көөлү кырка тоосунун батыш жагынан орун алган. Уз. 5,5 км, жалпы аянты 8 км2. Мөңгүнүн башы 4150 м, этеги 3640 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция аянты 1,6 км2. Чегинип бара жаткан мөңгүлөрдөн. Андан башталган суу Ээрташка (Үчкөлдүн негизи курамы) куят.