География:САМОЙЛОВИЧ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САМОЙЛОВИЧ МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Көйкаптын алабында жайгашкан. Уз. 6,6 км, аянты 6,7 км2. Башы деңиз деңг. 5044 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляция облусунун аянты 2,7 км2. Өткөн кылымдын ортосуна чейин Көйкап мөңгүсүнүн сол салаасы болгон. Кийин тартылып, өзүнчө мөңгүгө айланган. Этеги шагыл таш м-н капталган. Мөңгүдөн Көйкап (Сарыжаздын сол куймасы) суусунун сол курамы башталат. Аты орус уюл изилдөөчүсү Р. Л. Самойловичтин ысымынан коюлган.