География:РЁРИХ (САЛЫК) МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

РЁРИХ (САЛЫК) МӨҢГҮЛӨРҮ — Кыргыз Алатоосунун түн. капталында жанаша жаткан өрөөн тибиндеги эки мөңгү. Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. Уз. 4,5–4,8 км, аянты 3,0– 3,2 км2. Башы деңиз деңг. 4300–4180 м, этеги 3680–3320 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000–4480 м. Абляция облусунун аянты 2,2–2,4 км2. «Тилин» морена каптап жатат. Мөңгүлөрдөн Салык суусу башталып, Аламүдүнгө оң жактан куят. Мөңгүлөр орус живописчилери Николай Константинович ж-а анын уулу Святослав Рерихтин ысымдарынан аталган.