География:ПАЛЬГОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПАЛЬГОВ МӨҢГҮСҮ — Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Арпа суусунун алабында. Уз. 5,4 км, аянты 7,4 км2. Алабуга суусунун алабындагы эң ири мөңгү. Мөңгүнүн куралышына кырка тоонун түн.-батыш айдарым капталынан түн.чыгыш ылымта капталын карай соккон катуу кардуу бурганак чоң мааниге ээ. Башы 4660 м, этеги 3430 м бийиктикте жайгашкан. Ага муз жаракалары, омурулган муздар мүнөздүү. П. м. 15 жылдын ичинде бир топ алдыга жылган. Мөңгүдөн Арпа суусунун сол куймасы–Кичи Каракаман өзөнүнүн оң курамы башталат. Аты гляциолог Н. Н. Пальговдун ысымынан коюлган.