География:ОТТУК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОТТУК МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаздын алабында. Уз. 3,2 км, аянты 3,5 км2. Башы деңиз деңг. 4200 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 0,6 км2. Мөңгүдөн Сарыжаздын оң куймасы – Оттук башталат.