География:ОРТОТАШ (МУШКЕТОВ) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРТОТАШ (МУШКЕТОВ) МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодог у өрөөн тиби ндеги ири мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Чоң Үзөңгүкууштун башталышында жайгашкан. Уз. 13,3 км, жалпы аянты 23,0 км2. Башы деңиз деңг. 5200 м, этеги 3940 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4570 м, абляция облусунун аянты 5,5 км2. Мөңгүдөн Котур суусунун (Чоң Үзөңгүкууштун алабы) бир курамы башталат.