География:ОРОЙСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРОЙСУУ МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Акшыйрак тоо тоомунун түн. капталында, Сарычат суусунун (Сарыжаздын бир тармагы) алабында жайгашкан. Уз. 5 км, жалпы аянты 8,6 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3860 м бийиктикте жатат. Абляция аянты 3,4 км2. Фирн облусу эң ыңгайлуу түн. экспозициясына карай жайгашкандыктан этеги чегинбей бир абалда сакталган. Мөңгүдөн Сарычаттын оң куймасы Оройсуу башталат.