География:НУРА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРА МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 13,8 км, аянты 54,2 км2. Кызылсуунун (чыгыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 6340 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4550 м, абляция облусунун аянты 19,8 км2. Өрөөн тибиндеги бир нече мөңгүнүн биригишинен түзүлөт. Негизги өзөгү тоонун кырына жарыш чыгышка карай жатат. Ири салаасы кошулгандан кийин кыска «тили» түндүккө карай чукул бурулуп, тике аяктайт. Мөңгүдөн Нура суусу (Кызылсуунун оң куймасы) башталат.