География:МЫКААЧЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫКААЧЫ МӨҢГҮСҮ — Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 3,2 км2. Сарыжаздын сол куймасы Мыкаачы суусунун төрүнөн орун алган. Башы деңиз деңг. 4540 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3920 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгүнүн «тилинин» жарымы мореналар м-н текши капталган. Мындай көрүнүш Сарыжаз кырка тоосунун батыш бөлүгүнө өтө мүнөздүү. Мөңгүдөн Мыкаачы суусу башталат.