География:МУШКЕТОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУШКЕТОВ МӨҢГҮСҮ — Борб.Теңиртоодогу бутактанган татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз ж-а Адыртөр кырка тоолорунун тутумдашкан жеринен башталып, чыгыштан батышка карай созулуп жатат. Уз. 20,5 км, туурасы 1500– 1800 м, аянты 75 км2, калыңдыгы 250 м. Эки кырка тоонун арасындагы кууш өрөөндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5440 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м, тескей беттерде 3950 мге чейин төмөндөп, күнөстүү беттерде 4400 мге чейин көтөрүлөт. Бети өңгүл-дөңгүл, чуңкур, жал, жаракалар м-н өтө тилмеленген. Этегинин 5 кмдей жери морена катмары м-н туташ капталган. Мезгил-мезгили м-н алдыга тез жылып кетүүчү мөңгүлөрдүн катарына кирет. Акыркы жолу 1957-ж. алдыга жылган (2450 мге). Мөңгүдөн Сарыжаздын сол куймасы Адыртөр суусу башталат. Мөңгү Орто Азияны изилдөөчү орус геологу И. В. Мушкетовдун ысымынан аталг ан .