География:МИҢЖЫЛКЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢЖЫЛКЫ МӨҢГҮСҮ — Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Ысыката капчыгайынын төрүндө (батыш тарабында) жайгашкан. Уз. 4,8 км, жалпы аянты 6,8 км2. Башы деңиз деңг. 4840–4800 м, этеги 3680– 3683 м бийиктиктерде жатат. Кар чегинин бийикт. 4070–4160 м; абляция облусунун жалпы аянты 3,0 км2. Аянтынын 20%тейи мореналар м-н капталган. Мөңгүлөрдөн Миңжылкы өзөнү (Ысыката суусунун башы) башталат.