География:МАЛЛИЦКИЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЛИЦКИЙ МӨҢГҮСҮ – Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Үзөңгүкууш суусунун башында жайгашкан. Уз. 9,7 км, аянты 14,9 км2, абляция облусунун аянты 7,2 км2. Башы деңиз деңг. 5010 м, этеги 3670 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4600 м. М. м. өрөөнгө тегиз тик бет аркылуу жылып түшүп, этеги кууш. Омкорулган муздар өрөөндүн таманында чокмороктошуп үйүлүп жатат. Бул жерде жаңы морена дөбөчөлөрү бар. Мөңгү бийик аскалуу кашатта аяктайт; Айталаа өрөөнүнүн таманына ортоңку морена жалчасы м-н текши капталган бөлүгү гана жетет. Мөңгүдөн башталган суу 80 м бийиктиктеги аскалуу кашаттан агып түшүп, шаркыратманы пайда кылат. Андан Чоң Үзөңгүкууштун башаты – Айталаа суусу башталат.