География:МАЙТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙТӨР МӨҢГҮСҮ — Ички Теңиртоодогу Сөөк тоосунун түш. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Уз. 2,6 км, аянты 3,8 км2. Тарагай суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4530 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн Майтөр суусу (Тарагайдын оң куймасы) башталат.