География:КЫЗЫЛСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛСУУ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы дендрит тибиндеги көп тармактуу мөңгү. Уз. 16,9 км, аянты 43,0 км2. Кызылсуунун (чыгыш) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6610 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4560 м, абляция облусунун аянты 12,9 км2. Фирн облусу төрлөрдө жатат. Этеги морена м-н текши капталган. Мөңгүдөн Кызылсуу (чыгыш) башталат.