География:КЫЗЫЛСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛСУУ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз суусунун оң куймасы –Үчкөлдүн башында жайгашкан. Уз. 5,4 км, аянты 5,1 км2. Башы деңиз деңг. 4590 м, этеги 3970 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Колпаковский мөңгүсүнүн батышындагы тепши сымал өрөөндүн төрүндөгү денудациялык бетте жатат. Этегинин калыңдыгы 85 м. Мөңгүдөн башталган суу Үчкөл суусунун жогорку агымы Сарычатка сол жактан куят.