География:КЫЗЫЛКҮНГӨЙ МӨҢГҮЛӨРҮ
КЫЗЫЛКҮНГӨЙ МӨҢГҮЛӨРҮ Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн Кызылкүнгөй суусунун алабындагы эки мөңгү. Ч ы г ы ш ы н д а г ы с ы каптал тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 6,2 км2, көлөмү 0,1 км3; башы деңиз деңг. 5200 м, этеги 3820 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Б а т ы ш ы н д аг ы с ы өрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 3,7 км, аянты 4,2 км2, көлөмү 0,1 км3 . Башы деңиз деңг. 5120 м, этеги 3740 м бийиктикте жатат, кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 2,3 км2. Мөңгүлөрдөн Кызылсуунун сол куймасы Кызылкүнгөй суусу башталат.