География:КҮРҮЧКӨЛ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРҮЧКӨЛ МӨҢГҮСҮ — Талас Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 3,8 км2. Асса суусунун алабындагы эң чоң мөңгү. Башы 4160 м, этеги 3280 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3480 м. Мөңгүдөн Күрүчкөл өзөнү башталып, Аташчапкан суусуна (Күркүрөөнүн алабы) оң жактан куят.