География:КУ3ГУНТАШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУ3ГУНТАШ МӨҢГҮСҮ — Ички Теңиртоодогу цирк тибиндеги мөңгү. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталында. Уз. 2,7 км, аянты 3,2 км2. Арпа суусунун (Алабуганын негизги курамы) сол куймасы Кузгунташтын төрүнөн орун алган. Алабуганын алабында жайгашкан мындай типтеги жалгыз мөңгү. Башы деңиз деңг. 4680 м, этеги 4000 м бийиктикте. Негизинен бир калыпта өлчөмүн өзгөртпөй жа та т.