География:КӨЛСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛСУУ МӨҢГҮСҮ — Ичк и Тең иртоодогу Сарыбелес тоосунун түн. капталындагы «балык жон» тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 3,6 км2. Көккыя суусунун оң куймасы – Аксайуурунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы 4730 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 1,1 км2. Мөңгүдөн Көлсуу башталып, Аксайууруга кошулат.