География:КӨКСАЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКСАЙ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Аксай суусунун алабында жайгашкан. Уз. 4,9 км, аянты 5,6 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 3760 м, этеги 3310 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Мөңгү жазы төрдөн башталат. Бети тегиз, тоо тектердин сыныктары көп. Этегинен 150–200 м төмөн кийин пайда болгон каптал мореналар жа тат. Батыш тарабында жаткан мөңгү мурда К. м-нүн бир тармагы болгон. Мөңгүдөн Аксай суусунун сол курамы – Көксай башталат.