География:КӨККИЙИК МӨҢГҮСҮ
КӨККИЙИК МӨҢГҮСҮ Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 4,7 км, аянты 7,4 км2. Кызылсуунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5250 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Фирн облусу мөңгүнү бөлүп, така сымал ийилген тоо кыры м-н торолгон кенен өрөөндөн орун алган. «Тили» дээрлик морена м-н капталган. Мөңгүдөн Кызылсуунун (батыш) сол куймасы Көккийик суусу башталат.