География:КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы Корумду суусунун төрүндө жайгашкан үч мөңгү (Чыгыш, Ортоңку ж-а Батыш К.м.). 1) Чыгыш Корумду мөңгүсү – татаал өрөөн тибинде. Уз. 6,2 км, аянты 13,9 км2, көлөмү 0,6 км3. Башы деңиз деңг. 5440 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляция облусунун аянты 4,0 км2. 2) Ортоңку Корумду мөңгүсү өрөөн тибиндеги мөңгүгө кирет. Уз. 5,5 км, аянты 3,9 км2, көлөмү 0,2 км3. Башы деңиз деңг. 5330 м, этеги 3820 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м, абляция облусунун аянты 1,8 км2. 3) Батыш Корумду мөңгүсү – өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,4 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,3 км3. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 4020 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м, абляция облусунун аянты 1,9 км2. Мөңгүлөрдөн башталган суулардан – Кызылсуунун сол куймасы Корумду суусу куралат.