География:КОҢУЛГУСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУЛГУСУУ МӨҢГҮСҮ — Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,7 км, аянты 4,7 км2. Сарыжаздын сол куймасы – Түз суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 3580 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Айланасында төр ж-а асылма мөңгүлөр да жатат. Мөңгүдөн Түз суусунун сол куймасы – Коңулгусуу башталат.