География:КОЁНДУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЁНДУ МӨҢГҮЛӨРҮ — Борб. Теңиртоодогу Акшыйрак тоо тоомунун түш.-чыгыш капталында жанаша жаткан үч мөңгү (Коёнду, Сол ж-а Оң К. м.). Коёнду мөңгүсү–татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 8 км, аянты 24,3 км2. Башы деңиз деңг. 5 м, этеги 3850 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляция облусунун аянты 7,7 км2. Мөңгү жалпак фирн талаасы м-н капталган. Коёнду ашуусу аркылуу Түш. Карасай мөңгүсүнө туташып бир системаны түзөт. Акыркы жылдарда бир топ кыскарган. 1933- ж-а 1943-ж. Сол ж-а Оң К. м-нө бөлүнүп кеткен. Сол тарабындагысы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,1 км, аянты 8,1 км2. Башы деңиз деңг. 4917 м, этеги 3880 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 4400 м. Абляция облусунун аянты 4,5 км2. Оң тарабындагысынын уз. 5,1 км, аянты 7,3 км2, көлөмү 0,715 км3. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңг. 5100 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Мөңгүлөрдөн Акшыйрактын сол куймасы – Коёнду суусу башталат.