География:КИЧИТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИТӨР МӨҢГҮСҮ Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы асимметриялык өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,5 км, аянты 4,0 км2. Сокулук суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы 4150 м, этеги 3300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3640 м. Абляция облусунун аянты 0,8 км2. Мөңгү «чоңоюп» бараткандыгы байкалат. «Т илинин» учу тик маңдай келип аяктайт. Мөңгүдөн Кичитөр суусу (Сокулуктун куймасы) башталат.