География:КЕЧҮСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЧҮСУУ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,4 км, аянты 3,4 км2 Кызылсуунун сол куймасы – Шиве суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5200 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляция облусунун аянты 3,1 км2. Мөңгүдөн Кечүсуу башталып, Шиве суусуна оң тараптан куят.