География:КАШКАСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ
КАШКАСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталында, Алтындара суусунун алабында жайгашкан. Азыр анда этек мореналары туташ жаткан, өрөөн тибиндеги үч мөңгү бар. Анын экөө (Ортоңку ж-а Батыш К. м.) ири мөңгү. О р т о ң к у с у н у н уз. 5,5 км, аянты 4,8 км2. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5500 м, этеги 3940 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Б а т ы ш ы н д а г ы с ы н ы н уз. 5,5 км, аянты 5,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5500 м, этеги 4080 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүлөрдөн Кашкасуу башталып, Миңтеке м-н кошулуп, Алтындарага (Кызылсуунун сол куймасы) сол жактан куят.