География:КАРАКОЛТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛТӨР МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Тескей Алатоонун эң бийик чокусу Караколдун түш. капталынан орун алган. Көөлү суусунун алабында. Уз. 8 км, аянты 13,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Абляция облусунун аянты 3,5 км2. 1943– 60-ж. 2,1 кмге тартылган, музу жукарып тармактарынан ажыроодо. Мөңгүдөн Көөлү суусунун сол курамы Караколтөр суусу агып чыгат.