География:КАРАКОЛ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ МӨҢГҮСҮ — Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,8 км, аянты 4,0 км2. Алабуганын алабындагы Арпа суусунун сол куймасы – Караколдун төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4780 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Аянтынын 30%тейи морена м-н капталган. 1963-жылдагы экспедициялык изилдөөлөр мөңгү алдыга жыла баштагандыгын далилдеген. Мөңгүдөн башталган суу Караколго сол тараптан куят.