География:«ЗАБЛУЖДЕНИЕ» МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЗАБЛУЖДЕНИЕ» МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун сол куймасы – Кызылагын суусунун алабы нан орун алган. Уз. 5,0 км, аянты 7,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6400 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5100 м, абляция облусунун аянты 2,8 км2. Негизинен Корженевский мөңгүсүнүн сол бутагы болуп эсептелет. Алардан Жанайдартак суусу башталып, Кызылагынга куят.