География:ЗАБИРОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАБИРОВ МӨҢГҮСҮ, К у т у р г а н с у у м ө ң г ү с ү – Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы асимметриялуу өрөөн тибиндеги мөңгү. Аламүдүн өрөөнүнүн сол боорунан орун алган. Уз. 4,5 км, аянты 3,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4880 м, этеги 3300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4030 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Азыркы мезгилде мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Аламүдүн суусунун сол куймасы Кутургансуу башталат. Мөңгү илимпоз гляциолог Р. Ж. Забировдун ысымынан аталган.