География:ЖАШЫЛКӨЛ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛКӨЛ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол курамы Актеректин алабынан орун алган. Уз. 5,5 км, аянты 4,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4650 м, этеги 3200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 2,0 км2. Мөңгүдөн Актерек суусунун оң куймасы – Жашылкөл өзөнү башталат.