География:ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ — Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн ти биндеги мөңгү. Каравшин суусунун алабында жайгашкан. Уз. 5,6 км, аянты 5,6 км2, анын 1,5 км2дейи («тилинин» учу) морена чөкмөлөрү м-н туташ капталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4680 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Жапайы суусу башталып, Каравшин суусуна (Исфаранын оң курамы) оң жактан куят.