География:ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу ири мөңгү, Түш. Эңилчек мөңгүсүнүн бир тармагы. Бозкыр кырка тоосунун түн. капталынан орун алган. Уз. 10,4 км, аянты 32,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6700 м, этеги 4060 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мөңгү негизинен фирн облусунда жатат. Абляция облусу Эңилчек мөңгүлөрүнүн негизги өрөөнүнө кошулгандан кийин башталат.