География:ЖАҢЫЖЕР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫЖЕР МӨҢГҮСҮ – Ички Теңиртоодогу Жаңыжер кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,0 км, аянты 4,5 км2. Атбашы суусунун сол курамы–Жаңыжердин төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4780 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4280 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Тартылып бараткандыгы байкалат. Мөңгүдөн Жаңыжер суусу башталат.