География:ЖАҢАРТ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢАРТ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн Жаңарт суусунун төрүнөн орун алган. Уз. 11,3 км, аянты 15,3 км2. Дээрлик меридиан багытында жатып, аяк бөлүгү гана түн.-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жогору жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары м-н курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5160 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Этеги бийикт. 15–20 м келген морена догоосу м-н курчалган. Мөңгүдөн Жаңарт суусу башталып, Акшыйрак д-на оң жактан куят.